Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде балдар үчүн “Белектерди өз колубуз менен жасайбыз” аттуу мастер-класс өткөрүлөт. Музейдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарада 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарга адистер кийизден ар түрдүү белектерди жасоону үйрөтүшөт. Мастер-класс 13-апрелде өтөт.