"Өнүгүү-Прогресс" Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин бир добуштан жактырды. Анын иниси кызматтан кетет

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. "Ал туура түшүндү. Бул маселе чечилди. Бул боюнча башка суроолор болбош керек",- деди Төрөбаев. Ал жаңы парламент төрагасы ким болорун айткан жок.

Айта кетсек, буга чейин парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары С.Жээнбековдун талапкерлигин жактырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан