Европа биримдиги өлкөнүн билим берүү тармагын реформалоо багытында үч жыл аралыгында 36 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 12-апрелде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторун реформалоого контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа биримдиги ортосундагы каржылык макулдашуунун долбоорун жактырды.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, келишимге ылайык, Европа биримдиги өлкөнүн билим берүү тармагын реформалоо багытында үч жыл аралыгында 36 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. “Бул каражат адегенде республикалык бюджетке чегерилип, андан соӊ билим берүү тармагына которулат. Каражат мектепке чейинки мекемелерди жана жалпы билим берүү мектептерин өнүктүрүүгө жумшалат”, - дейт ал.

Андан сырткары бюджеттен билим берүү тармагына жаӊычыл технологияларды киргизүү үчүн 100 миллион сом бөлүнүп, миӊге чукул мектеп интернет жана санариптик көрсөтүү менен камсыз кылынары белгилүү болду. Министр интерактивдүү такталар сатылып алынып, математикалык багыттагы мектептер күчөтүлө турганын айтты. “Ошондой эле кыргыз, орус, англис тилдерин окутууга да өзгөчө көӊүл бурулат”, - деп кошумчалады Эльвира Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан