Президент унааларды мажбурлап эвакуциялоого багытталган мыйзамга кол койду

“Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан 12-апрелде билдиришти.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алган мыйзам жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга, көчөлөрдүн жана жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, жол тартибин бекемдөөгө, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги кемчиликтерди четтетүүгө багытталган.

Бул максаттарда Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуциялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” деп аталган жаңы 568-берене киргизилет, ал эми 235-берененин эскертүүсүнө мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаарын тастыктаган толуктоо киргизилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан