Тармактык комитет өлкөдөгү коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 12-апрелде өлкө аймагындагы коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Тамактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга, КРнын Кылмыш кодексине негизинен эки өзгөртүү киргизилүүдө: биринчиси – "эл аралык коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк чечмеленип берилет, экинчиси – алар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюжетин жарыялоого тийиш. Ал биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорунан кыйла айырмаланып турат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында 21 миӊден ашун коммерциялык эмес уюм иштейт. Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдарын жарыялап турууга тийиш. Эгер мыйзам бузулса, ал уюмдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан