Бүгүн, 13-апрелде Орусиянын Москва шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын атынан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов баштаган топ жөнөп кеткенин өкмөттөн билдиришти.
Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууга алынмакчы.