ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргон районунда айдоочу рулду башкара албай унаасы менен дарыяга түшүп кетти

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына унаа түшүп кетти. Айдоочу суудан өз күчү менен сүзүп чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.

"Дэу Тико үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай дарыяга түшүп кеткен. Айдоочунун абалы жакшы, ал өз күчү менен дарыядан чыкты. Окуя болгон жерге Ноокен районунун куткаруучулары келишти, алар суудан унааны чыгарууга аракеттенишүүдө",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Унаа дарыяга түшүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur.88
2016-04-13 21:29:47
Бугун кордум эле элдер чогулуп карап атышкан экен. Кудай сактаптыр жакшы ичинде эч ким жок экен эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан