Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги каралууда. Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков эмнеге транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Балыкчы - Корумду жолун оңдоп-түзөө боюнча тендерге байланыштуу адам Замирбек Айдаров сунушталганын сурады. С.Жээнбеков буга төмөнкүдөй жооп берди:
"Бул кызматка талапкерлер көп болду. Биз алардын тажрыйбасына, жашоо-турмушуна, үй-бүлөсүнө көңүл бурдук. Замирбек Айдаров Транспорт министрлигинде көп жыл иштеген, транспортчулардын көйгөйлөрүн билген талапкер. Анын өмүр баяны жакшы. Негизи, ар бир министр өз иши боюнча өзү жооп берет. Эгер талаптарды аткарбаса, аны жумуштан кетирүү президентке, парламентке сунушталат. Эгер мыкты иштесе, ээлеген кызматында иштей берет".
Айта кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбеков "Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендерге байланыштуу чырдан улам Малабаев кызматынан кетиши керек" деп айткан.