Бүгүн Биринчи Май райондук соту экс-министр Равшан Сабировдун жана анын жардамчысы Тахир Мирзахмедовдун сотун 16-ноябрга калтырды. Мындай чечимди судья айыптоочу Асанаалы Иманбековдун Социалдык өнүктүрүү министрлигинин дагы мурунку эки кызматкерин суракка чакырууну өтүнгөндөн кийин чыгарылды. Эске салсак, Равшан Сабиров үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда пара алды деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.