Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы каралды. Добуш берүүгө катышкан 115 депутаттын баары анын өкмөт башчы болушуна жана өкмөттүн жаңы курамына макул болду. Калган 5 депутат парламент жыйынына келген жок.
Айта кетсек, өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй болмокчу:
- премьер-министр - Сооронбай Жээнбеков
- биринчи вице-премьер-министр - Мухаммедкалый Абылгазиев (буга чейин Аалы Карашев болгон)
- экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Олег Панкратов
- социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Гүлмира Кудайбердиева
- өкмөттүн аппаратынын башчысы - министр - Акылбек Осмоналиев (буга чейин Нурханбек Момуналиев болгон)
- тышкы иштер министри - Эрлан Абдылдаев
- билим берүү жана илим министри - Эльвира Сариева
- маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максүтов
- транспорт жана коммуникациялар министри - Замирбек Айдаров (буга чейин Аргынбек Малабаев болгон)
- ички иштер министри - Мелис Турганбаев
- юстиция министри - Жылдыз Мамбеталиева
- каржы министри - Адылбек Касымалиев
- экономика министри - Арзыбек Кожошев
- айыл чарба жана мелиорация министри - Турдуназир Бекбоев
- өзгөчө кырдаалдар министри - Кубатбек Боронов
- саламаттык сактоо министри - Талантбек Батыралиев
- эмгек жана социалдык өнүгүү министри - Кудайберген Базарбаев
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы - Абдил Сегизбаев
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы - Марат Кенжисариев