"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев же "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештеги өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, парламенттин коалициялык көпчүлүгү талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакынкы 2 күн ичинде төрага шайланары күтүлүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 13-апрелде Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке шайланганына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетерин жарыялаган. Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары бар: бири коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, ал эми оппозициядан Алтынай Өмүрбекова.