Президент Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчы кылып бекитти

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Сооронбай Жээнбековду мурдагы ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жогорку Кеңеш бүгүн аталган кызматка КСДП фракциясынан сунушталган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берген. Жээнбеков буга чейин президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан