Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 13-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, Темир Сариев өкмөт башчынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Ошондой эле Аалы Карашев да биринчи вице-премьер-министрдин милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Президенттин башка жарлыктарына ылайык, Аргынбек Малабаев транспорт жана коммуникация министринин милдеттерин аткаруудан, Нурханбек Момуналиев өкмөттүк аппараттын жетекчиси – министрдин милдеттерин аткаруудан четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.