Бүгүн, 13-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык:
Осмоналиев Акылбек Шарипович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси – министри болуп дайындалды;
Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалды;
Турганбаев Мелис Токтомамбетович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалды;
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп дайындалды;
Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Каржы министри болуп дайындалды;
Кожошев Арзыбек Орозбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика министри болуп дайындалды;
Бекбоев Турдуназир мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри болуп дайындалды;
Айдаров Замирбек Казакбаевич Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды;
Боронов Кубатбек Айылчиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
Сариева Эльвира Кубанычбековна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;
Максүтов Алтынбек Аскарович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды;
Кенжисариев Марат Сарымсакович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;
Сегизбаев Абдил Кеңешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.