Жол-кайгуул кызматынын жоюлушу жакшы эмес жыйынтыктарга алып келгени парламентте айтылды

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында Жол-кайгуул кызматынын жоюлушу тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Наталья Никитенконун айтымында, ЖККны жоюу жакшы эмес жыйынтыктарга алып келди.

"Бизде ар дайым ушундай: иш жакшы ой менен башталып, терс жыйынтыктарга алып келет. Жолдорубуздагы акыркы окуялар буга далил. Жакында 3 жана 8 жашар балдар жол кырсыгынан каза табышкан. Жол-кайгуул кызматын жоюу 2 этаптан туруш керек болчу: башында видеобайкоочу камералар орнотулуп, анан патрулдук кызматын түзүү керек эле. Бизде камералар орнотулбай эле патрулдук кызмат түзүлдү. Бул кызматка карата көп арыздар түшүүдө",- деди Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан