Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

Жолугушууда премьер-министр мамлекет башчысына өкмөттүн программасынын негизги багыттары жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев аткаруу бийлик органдарынын борбордо жана жер-жерлерде бир калыпта ишин камсыздоонун, кризиске каршы чараларды жүргүзүүнүн, жазгы талаа иштерин өз маалында ойдогудай бүткөрүшү үчүн фермерлер менен айыл эмгекчилерине зарыл шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы жол курулуш чөйрөсүндөгү ири долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу иштерин жакшыртууга көңүл бурду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан