“Кыргызстан сулуусу-2013” сынагына тандоо туру 30-мартта аяктайт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу, Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин директору Амина Юсурова журналисттер менен болгон жыйында билдирди. “Учурда 200 кыз сынакка катышуу үчүн кайрылды. Алардын ичинен 40 кыз гана сынакка катышат. Ал эми финалга 8 кыз тандалып алынат”,- дейт Юсупова. Айта кетсек, сынактын жеңүүчүсү “Кыргызстандын 2013-жылдагы Ханышасы” наамын алып, 25-майда Бишкекте өтө турган “Сулуулук жана Модель” аттуу эл аралык фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан сырткары ага Испанияда 2 апта эс алып келүүгө жолдомо берилет. Ал эми сынакка катышуучулардын жашы 16-25, боюнун узундугу 1 метр 70 сантиметрден кем болбошу керек. Айта кетсек, сынактын алып баруучусу "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева болмокчу.