Президент Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри баштаган делегация менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухейл Мухаммед Фараж аль-Мазруи баштаган делегация менен жолукту.

Мамлекет башчысы делегацияны жылуу кабыл алып, БАЭнин инвестициялык өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына көптөн бери күтүлгөн сапары эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын жарчысы болуу менен, биргелешкен долбоорлорго жол саларына үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде Сухейл Мухаммед Фараж аль-Мазруи өзү жетектеп келген делегация кыргыз өлкөсүнө болуучу сапарга өтө дыкаттык менен камданганын белгиледи. "29 адам кирген биздин делегацияга өлкөдөгү эң ири компаниялардын өкүлдөрүн киргизүүгө аракет кылдык",- деди ал.

"Биздин иш сапардын максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу. Бириккен Араб Эмирлигине иш сапарыңыздын маалында сиз көңүл бурган эки тараптуу өнөктөштүктүн чөйрөлөрү биз үчүн маанилүү. Бул айыл чарба жана мал чарбачылыгы, андан тышкары инфраструктура чөйрөсү болуп саналат",- деп белгиледи Сухейл Мухаммед Фараж аль-Мазруи.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу багыттары, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдө, жеңил жана кайра иштетүү тармагында жана айыл чарбасында биргелешкен аракеттерди жандантуу зарылдыгы айтылды.

Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүн быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышууга чакырганын президенттик аппараттан билдиришти.

Сухейл Мухаммед Фараж аль-Мазруи Атамбаевге Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халиф ибн Зайд аль-Нахайяндын жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Бириккен Араб Эмирлигинин инвестициялык делегациясынын иш сапары Атамбаевдин Бириккен Араб Эмирлигине 2014-жылдагы расмий иш сапары маалында жетишилген макулдашуулардын алкагында өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан