Алпаруучу жана ырчы Чыңгыз Мырзаевдин “Кыргызстаным” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык. “Бул ырым аркылуу Ата Мекенге болгон сүйүүмдү даңазалагым келди. Негизи эле баарыбызды өз мекенибизди сүйүүгө, урматтоого чакырар элем. Патриоттук сезимибиздин бийик болушун каалайм” дейт ырчы.