Режиссёр Адилет Акматовдун “Мурас сыры” аттуу көркөм тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 28-мартта режиссёр Адилет Акматовдун “Мурас сыры” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары болду. Анда жашоонун акыркы күнүн көрүп жаткан ата жана анын мурасын ээлеп калчу 6 баласы тууралуу баяндалат. Башкы каармандардын бири, актёр Болот Тентимишов мындай дейт: “Тасмада бир атадан төрөлүп, бирок ар кайсы жерде жашап бири-бирин тааныбай, атасын да көрбөй чоңоюшкан 6 бир тууган жөнүндө баяндалат. Мен ортоңку уул, жактоочунун ролун аткарам. Бул тасмада жашоонун туура жана туура эмес жактары камтылган”. Айта кетсек, бул тасмага Болот Тентимишовдун жубайы Сайра Эсенбаева да катышкан. “Мында байлык тууралуу айтылат. Акчаны көргөндө адам кандай өзгөргөнү кенен чагылдырылган. Мен болсо, Айнура аттуу кол өнөрчү кыздын ролун аткардым”,- дейт Сайра айым. Тасманы тартууга 17 миң доллар сарпталган.

 

Сүрөттө: 

1. Болот Тентимишов

2. Сайра Эсенбаева

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан