Американын адам укуктары боюнча баяндамасын кыргыз тарап саясий системге басым жасоо аракети деп эсептейт

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу баяндама даярдап, анда Кыргыз Республикасындагы абалга арналган бөлүк 36 бетте чагылдырылган. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап АКШнын адам укуктары боюнча баяндамасын өлкөнүн саясий системине басым жасоо аракети деп эсептейт. "Мындай баяндамалар кайсы бир өлкөдө адам укуктары боюнча абалды терең изилдөөгө арналган эмес. Ушул сыяктуу документтер аркылуу АКШ улуттук кызыкчылыктарын орундатууну көздөйт. Кыргыз Республикасы жакшы кеңештер жана жардам үчүн эл аралык уюмдарга терең ыраазычылыгын билдирет. Бирок ошол эле учурда докладдагы айрым жыйынтыктарды саясий жактан бурмаланган деп баалайт. Ошондуктан кыргыз тарап АКШнын Мамлекеттик департаментин мындай баяндамаларды даярдоодо тажрыйбалуу, кесипкөй авторлорду тандоого чакырат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан