Таш-Көмүр шаарында 13 каза болгон адам жергиликтүү шайлоого катышууга каттоодон өткөнүн Жалал-Абад облустук прокуратурадан маалымдашты. Аталган ведомство шайлоо актыларын текшерүү маалында каза болгон 13 адам шайлоочулардын тизмесине кирип калганын жана бул тизме Таш-Көмүр шаардык мэриясынын чиновниктери тарабынан жасалганы аныкталды. Мэриянын чиновниктерине прокуратура тарабынан эскертүү берилип, каза болгон адамдардын аттары тизмеден алынды.