ЭЛДИК КАБАР: Алматыда диаспоралар ортосунда Спартакиада өтүп, кыргыз жарандары байгелүү орундарды ээлешти

17-апрелде Казакстандын Алматы шаарында улуттук маданий борборлордун ортосунда Ачык Спартакиада өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада беларусь, чечен-ингуш, дунган, уйгур, корей жана кыргыз диаспораларынан 100дөн ашуун адам катышты. "Алар кичи футбол, чүкө, стол тенниси, армрестлинг, жеңил атлетика жана шахмат ойноп, күчтөрүн сынашты. "Мурас" кыргыз этномаданий биримдиги төмөнкү оюндар боюнча жеңиштерге жетти: чүкө (казакча "асык ату") боюнча Адамбек Токтогулов 1-орунду, армрестлинг (кол күрөш) боюнча Кайрат Молдобеков 2-орунду, Азат Дүйшөналиев 3-орунду, шахмат боюнча Канат Момукеев менен Руслан Мамыров 3-орунду ээлешти",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан