Жогорку Кеңештин комитети өлкөдө лотерея ишине тыюу салуу демилгесин колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкө аймагында лотерея ишине тыюу салуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун жактырды.

Демилгечи депутаттардын айтымында, лотерея ойнотуу жарандарда кумарды пайда кылып, ага көз карандылык пайда болот. "2009-жылдын апрелинде кабыл алынган «Лотереялар жөнүндө» мыйзамга ылайык, өлкөдө катталган юридикалык жак гана лотереяны уюштуруучу боло алат. Ал эми Жарандык кодекске ылайык, өкүлчүлүктөр жана филиалдар юридикалык жак болуп саналбайт. Бирок башка өлкөлөрдө катталган айрым компаниялар кыргыз жергесинде мыйзамсыз иш жүргүзүп, лотерея иши жаатында баш аламандыкты жаратышууда. Аларга азыртадан бөгөт койбосо болбойт",- дешти демилгечилер.

Алардын бири депутат Төрөбай Зулпукаров казинолор менен букмекердик кеңселер сыяктуу кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин алардын ордун лотереялык оюндар басканын, алар жарандарды кумар оюндарына тартып, далай адамдардын тагдырына балта чабылып, турмушу бузулуп жатканын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан