Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кара-Суу шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча гранттык жана насыялык макулдашуунун долбоорун жактырды.
Макулдашуу шарттарына ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кара-Суу шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализациясын оӊдоо багытында 6 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын бир бөлүгү жеңилдетилген насыялык каражат, ал эми калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.
Андан сырткары ушул эле өңүттөгү “Чолпон-Ата шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору, “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо (II фаза)” долбоору боюнча гранттык жана насыялык макулдашуу” долбоорлору да жактырылды.