Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министрлердин катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында Жээнбеков 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөт программасын ишке ашыруу алкагында өкмөт алдында турган негизги милдеттерге токтолду.
Премьер-министр жакынкы мезгилдеги артыкчылыктуу багыттардын катарында өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы жазгы талаа жумуштарын тийиштүү деңгээлде өткөрүү маселесине кайрылып, негизги милдеттердин бири сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоо болуп эсептелерин билдирди.
С.Жээнбеков чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө, жарандардын кайрылуусу, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын койду.
Ошол эле учурда өкмөт башчыга жана өкмөт мүчөлөрүнө жолдонгон бир дагы кат же кайрылуу жоопсуз калтырылбашы керектигин баса белгиледи.
Жыйында өкмөттүн аппаратынын башка мамлекеттик орган аппараттары, анын ичинде облустардагы өкмөттүк ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараты менен иштешүүсүн координациялоо маселеси да талкууланды.
"Алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө биздин негизги талап катары кесипкөйлүк маселеси коюлат. Биз партиялык же тууганчылык мамилеге негизделген принципке таянбайбыз",- деп белгиледи Жээнбеков. Өкмөттүн ар бир мүчөсүнө тийиштүү тармактарда жүктөлгөн жеке жоопкерчиликти дагы эскертип өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.