Социалдык фонддун төрагасы болуп Нурдин Ибраев дайындалды

Нурдин Ибраев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти. Ал 2002-жылдан бери аталган фонддун бөлүмдөрүндө иштеп келип, 2013-жылы фонддун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Фонддун мурдагы төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан