Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен көпүрө бузулуп, жолдорду селден түшкөн таштар тосуп калды. Бул тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Алардын айтымында, эл райондун борборуна жөө барууга мажбур болууда. Айылдагы 5-6 үйдү каптап кеткени да маалым болду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.