Бүгүн, 28-мартта "Тамашоу" долбоорундагы "Моника Беллуччи" командасынын оюнчусу Бакыт Осмонканов үйлөндү. Тамашакөй жигит Жылдыз аттуу сулууга баш кошту. Алгач кыргыздын салтын улай кызды үйүнөн алып чыгып, шаардагы Жеңиш сейил багындагы өчпөс отко барышты. Үлпөт тойго келген коноктордун баары эки жашка каалоо-тилектерди жаадырышты. Той борбордогу кафелердин биринде уланып жатат. Айта кетчү нерсе, "Тамашоудогу" бойдок жигиттердин баары тойго бирден сулуу кыз жетелеп келишти.