Депутаттардын террордук кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу демилгеси колдоо тапты

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети депутаттардын террордук кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоорун карады.

Демилгечилердин бири депутат Жаныбек Бакчиев азыркы учурдун эң орчундуу маселеси болуп саналган террордук мүнөздөгү кылмыштарды эч убакта актоого болбой турганын, азыркы учурда өзгөчө оор кылмыштардын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөттү 10 жылды түзөрүн айтты. Ошондон улам Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренесинде каралган кылмыштарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Аида Салянова мындай демилгени колдой турганын билдирип, ушундай эле мыйзам долбоору депутат Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан да даярдалганын, ошондуктан эки мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө бириктирүү сунушун берди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет аталган демилгени жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан