Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын жабык отурумунда төраганы шайлоо маселеси талкууланды. Депутат Өмүрбек Бабановдун айтымында, ал фракциянын ар бир депутаты өз алдынча добуш берерине ишенет.
"Ар бир депутат каалаган талапкерге өз добушун берет. Эң негизгиси, төрагалыкка татыктуу, бардык депутаттар менен жакшы мамиледе болгон адам келиши керек. Төраганы шайлоодо ким кайсы талапкерге добуш берерин текшерүү фактыларынын болбошун каалайбыз",- деди Бабанов.
Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.