Алмазбек Атамбаев Кыргыз опера жана балет театрынын жамааты менен жолугушту

Бүгүн, 19-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана театрынын жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда театрдын кызматкерлери президенттен айлык акыны көтөрүүнү суранышты.

"Кызматкерлер театрдагы чарба жана социалдык маселелерин чечүү керектигин айтышты. Алардын айтымында, имаратты капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү, оркестрдин аспаптарын жаңылоо, жаш чыгармачыл кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү зарыл.

Алмазбек Атамбаев өкмөткө театрдын кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк таап берүүнү тапшырды. Мындан тышкары өлкө башчы аталган театрдын имаратын капиталдык оңдоону соңку жылдын бюджетине киргизүү боюнча тапшырма берди",- деп айтылат маалыматта.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, театрдын жамааты менен жолугушууда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана каржы министри Адылбек Касымалиев болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан