Ырчы Алмаз Шаадаевдин “Менин апакем” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Нурмат Садыровго, обону Мирлан Абдраевге таандык. “Эне ыйык, эне асыл демекчи, бул чыгарманы апама арнап чыгардым. Ырды биринчи жолу Нарындагы жеке концертимде аткардым”,- дейт ырчы.