Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетинин кечээки жыйынында КРнын Акыйкатчысынын “2015-жылга карата Кыргыз Республикасындагы адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” ар жылкы отчёту угулду.
Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин маалыматына ылайык, отчёт 4 бөлүмдөн турат. Анда Акыйкатчы институтунун ишинин негизги багыттары, жарандардын социалдык-экономикалык укуктары, балдардын укуктарын коргоо, абактарда жарандарды кармоонун шарттары камтылган. 2015-жылы Акыйкатчы институту тарабынан 74 мамлекеттик органга ар кандай жагдайлар боюнча ыкчам чара көрүү актылары жөнөтүлгөн. К.Оторбаев сот тармагында жарандардын укуктары бузулуп жаткандыгына байланыштуу үзгүлтүксүз соттук териштирүүлөрдү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Жыйын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бабанов соттолгондорду түрмөлөрдө кармоо шарттары жана иштерди сот органдарында кароо мөөнөтү тууралуу маселелерди көтөрүп чыкты. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев акыйкатчынын ар жылкы отчётунда жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берген мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча маалыматтар болушу керек деп эсептейт. Депутат Чолпон Жакупованын пикиринде, отчётто балдарды зордук-зомбулуктан, анын ичинде сексуалдык зомбулуктан коргоо коомчулуктун милдети болгондуктан, педофилия фактылары жөнүндө маалымат камтылышы керек болчу.
Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү акыйкатчынын отчётун эске алуу чечимин кабыл алышты.