Эки жылдай убакыттан бери чыгармачылыктан оолактап кеткен ырчы Самат Дөөлөтбаковдун “Закрой глаза” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү, обону Эркин Мукашевге таандык. “Чыгармачыл адам өз чөйрөсүнөн алыстап кете албайт экен. Мен ырдоону, сахнаны жана көрүүчүлөрдү сагындым. Ал эми ырдын мааниси тууралуу айта кетсем, чыгармада көздөрүн жумуп алып, сүйүү тууралуу кыялданган кыз тууралуу баяндалат”,- дейт ырчы мырза.