Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин спикерин шайлоодо добуш берүү башталды

Жогорку Кеңештин спикерин шайлоодо добуш берүү башталды. Курамына 12 депутат кирген эсептөө комиссиясы түзүлүп, шайлоонун тартибин, бюллетендин формасын аныктады. Бюллетенде белги коюу үчүн 2 талапкердин аты-жөнү жана "баарына каршы" деген пункт бар. Эсептөө комиссиясынын төрагасы - "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев. Добуш берүү жашыруун формада өтүүдө.

Төрагалык кызматка "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан