Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүү өтүп жатат. Анын жүрүшүндө айрым депутаттардын уюлдук телефондору менен жашыруун добуш берүү кабинасына барып жатканы башкаларды нааразы кылды. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев депутаттарды добуш берүү кабинасына телефондорду алып кирбөөгө чакырды.
Айта кетсек, комиссия курамына 12 депутат кирген эсептөө комиссиясы түзүлүп, шайлоонун тартибин, бюллетендин формасын аныктаган. Бюллетенде белги коюу үчүн 2 талапкердин аты-жөнү жана "баарына каршы" деген пункт бар. Добуш берүү жашыруун формада өтүп жатат.
Төрагалык кызматка "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышууда.