20-апрелде Москва шаарында Чоң Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен жолугушуусунда В.Путин Кыргыз Республикасы Орусиянын стратегиялык шериги жана евразиялык интеграция боюнча өнөктөшү экенин айтты.
"Биз президент Алмазбек Атамбаев менен тез-тез жолугуп турабыз. Аны менен жумушчу сүйлөшүүлөр туруктуу жүрүп жатат. Биз кыргыз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүүнү улантабыз. Мындан тышкары сентябрь айында Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышабыз",- деди Путин.