"Бизде татаал кесип ээси болуп саналган мугалимдерди Мугалимдер күнүндө гана эскеришет, калган учурда алар такай унутта калышат",- деди бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова.
Анын айтымында, мугалимдердин эс алуусу жана саламаттыгын чыңдоо үчүн шарттар түзүлгөн эмес. "Ушул кезге чейин өздөрүнүн эс алуу жайлары жок. Мугалимдердин да эс алууга акысы бар. Мындан улам Ысык-Көлдөгү мамлекеттин карамагына алынган "Витязь" же "Ала-Тоо" пансионаттарын Билим берүү жана илим министрлигине берүү маселеси чечилсе жакшы болмок. Мугалимдер ал жерде эс алуу менен бирге ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушмак. Мен бул маселе боюнча өкмөткө кайрылгам, азыркыга чейин жооп жок",- деди депутат.