Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев жол куруучу компанияларды иш башталар алдында жол белгилерин коюуга чакырды.
"Жакында Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда чоң кырсык болуп, эки адам каза болду. КамАЗдын токтотуу системи иштебей калгандыктан ушул кырсык болду дешүүдө. Буга чейин ал жерде 5 жеңил унаа бетонду сүзүптүр. Депутаттык комиссияны түзүп, бул маселени караш керек. Бир топ адам жаракат алды. Ким жооп берет? Көзөмөлгө алалы. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине байланыштуу тендерлерде чоң коррупциялык схемалар бар экенин жакшы билебиз. Тендерди уткан жол куруучу компания жол белгилерин коюп, андан соң иштерин баштаса, кырсыктар азыраак болмок",- деп сунуштады Мискенбаев.