Ырчы Асел Кадырбекованын “Сага айтайын” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону Нурлан Насипке таандык. Ал эми аранжировкасын Ильяз Абдыразаков жасаган. “Ырда бир адамдын экинчи адамга ашык болгондогу сезимдери чагылдырылат. Бирок менин жеке жашоомо эч кандай байланышы жок. Жөн гана ушундай маанидеги ырды ырдагым келди”,- дейт ырчы. Айта кетсек, ырдын клиби жакын арада тартылат.