Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы премьер-министрден ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге өзгөчө көңүл бурууну өтүндү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Калык Мамбетакуновду кабыл алды.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Мамбетакунов премьер-министрге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселелерине өзгөчө көңүл бурууну өтүндү. Буга катар аталган категориядагы жарандарды турак жай менен камсыздоо, алар үчүн заманбап реабилитациялык борборлордун жана ден соолук чыңдоочу жайлардын тейлөөсүн уюштуруу маселеси актуалдуу бойдон калып жаткандыгы белгиленди.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысынын маалыматына ылайык, учурда республика боюнча болжол менен 168 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 18 миңи Бишкек шаарында жашайт.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын басымдуу бөлүгү турак жайга муктаж. Жакынкы арада Ош шаарында мындай жарандарга каралган 45 батирлүү көп кабаттуу турак жайдын курулушу аяктады",- деди Мамбетакунов.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бардык айтылган сунуштар иликтенип, колдо болгон мүмкүнчүлүктөргө ылайык каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан