Президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында курула турган 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстеликтин долбоорунун авторлорун кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчы эстеликтин эскиздери жана долбоордук документтер менен таанышып, бул мемориал курула турган "Ата-Бейиттин" аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу баяндаманы укту.
"Долбоорлор менен таанышып чыгып, Алмазбек Атамбаев анын авторлоруна ыраазычылык билдирди жана жүз миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган 1916-жылдагы окуялар өлкө тарыхындагы маанилүү учурлардын бири экендигин баса белгиледи",- деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Тарых жана жана маданият жылы боюнча мамлекеттик башкармалыгынын башчысы Султан Раев, “Мурас” фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев катышты.
Айта кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган мемориалдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык сынактын жыйынтыгында скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. Бул сынак эки жолу жарыяланып, анда өлкөдөгү белгилүү скульпторлор менен архитекторлордун ондогон долбоорлору жана иштери каралган.