Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган "Аксакалдар соттору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Бул мыйзамдын максаты аксакалдар сотторуна мурда булганбаган, жүрүм-туруму үлгүлүү адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачуу, ошондой эле соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарттарды түзүү болуп саналат.
Мыйзамда төмөнкүлөр каралды:
- аракеттеги мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө коюлган талаптарга дагы бир талап кошулду, ага ылайык, аксакалдар сотуна соттолбогон жарандар гана шайлана алышат;
- аракеттеги мыйзамдын 29-беренеси жаңы редакцияда баяндалат:
аксакалдар соту салган айып пулдар жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин камсыз кылууга багытталат.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кире турганын президенттик аппараттан кабарлашты.