Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясы парламент спикери кызматына КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.
Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам кийинки аптада жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү.
Бүгүн, 22-апрелде КСДП фракциясы Ч.Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан жактырган. Буга чейин анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин" жана "Республика - Ата Журттун" лидерлери айтышкан.