12-ноябрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында «КРнын
2013-жылга карата республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомол жөнүндө» мыйзам
долбоору талкууга алынды. Өлкөнүн Каржы министри Ольга
Лаврованын айтымында, ички дүң продукциясынын өсүшү 7
пайыз көлөмүндө же 305487,5 миллион сомду түзөт. Ал эми 2014-жылдагы өсүш 7,6
пайыздын, 2015-жылы 7,8 пайыздын тегерегинде күтүлөт. Келерки жылы мамлекеттик бюджет кирешесинин жалпы көлөмү 98496,6 миллион, республикалык
бюджеттин кирешеси 86288,5 миллион сомду түзсө, 2014-жылы 89458,2 миллион,
2015-жылы 96590,7 миллион сом болуусу күтүлөт. Бул мыйзам долбоору тармактык
комитеттердин биргелешкен жыйындарында жана ай аягында өткөрүлө турган
парламенттик угууда талкууланмакчы.