Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине интеграциялоо шартындагы чек ара пункттарынын иши менен таанышуу максатында "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, премьер-министр чек ара аркылуу өтүүдөгү документтерди толтуруу процесси менен таанышып чыкты. Жарандар өкмөт башчыга документтерди толтуруу процессинин өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кезектер тууралуу айтышты. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга көзөмөл-өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында анын инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыска мөөнөт аралыгында бажы органдарынын имараттарын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүү боюнча бардык уюштуруу маселелерин жыйынтыктоо тапшырылды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын аталган тилкесине кошумча көпүрөнүн курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын берди.
Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновго казак тарап менен көпүрөнүн курулушу боюнча биргелешкен иштерди өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу иши тапшырылды.