Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар жер маселеси эки жылдан бери чечилбей жатканына нааразы. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Жерге-талдык кыргыздардын дыйканчылык кылчу 350 гектар үлүш жерин аскер кызматында иштегендер өткөн жылдын күз айларында ээлеп алышкан. Район эли жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, маселени чечип берүүнү талап кылып келет, бирок бийлик өкүлдөрү элди укпай койгондуктан, бул маселе эки жылдан бери чечилбей жатат. Бул аймактын эли дыйканчылык менен жашап келген",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.