Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууганы Эрмек Жолдубаев 9-апрелде кыргыз-казак чек арасынан кармалганын четке какты.
"Апрель айында мен Бишкекте болгом. Муну тастыктаган тиешелүү далилдер бар - менин телефон номерим биздин өлкөбүздүн аймагында активдүү болгонун тастыктаган мобилдик оператордун көрсөтмөсү. Ошондуктан менин эжеме басым көрсөтүү үчүн мени каралоо аракети болуп жатат деп эсептейм.
Менин үй-бүлөм бар, балам бар, Кыргыз улуттук университетинде сабак берем, саясий иш менен алектенбейм. Үстүдөгү кырдаал эмнеге жеткирерин толук түшүнөм. Өзүмдүн кылган иштерим үчүн өзүм жооп берем. Эжем да, башка адам да, мен үчүн жоопкерчиликке тартылбашы керек. Мени күнөөлөө аракети эжемдин ээлеген кызматына байланыштырып, биздин үй-бүлөбүздү каралоо үчүн жасалганы өкүндүрөт",- деп айтылат билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Э.Жолдубаев коомчулуктан бул маселени саясатташтырбоону суранарын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн аптада "башкы прокурордун бир тууганы, 1987-жылы туулган Эрмек Жолдубаев 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасынан баңгизат менен кармалды" деген маалымат тараган. Башкы прокуратура мындай маалыматты бүгүнкү күнгө чейин четке кагууда. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууганы баңгизат менен кармалганын Казакстандын тийиштүү органдары тастыкташкан. Ак үйдөгү өздүк булактын билдиришинче, буга байланыштуу башкы прокурор отставкага кетиши мүмкүн.