28-мартта Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы филармонияда “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли концерт берди. Кыргыз ыр-күүлөрүнүн популярдуулугун, маданияттагы ордун көтөрүү максатында өтүп жаткан бул концертти Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова уюштурду. “Учурда кыргыздын чыныгы фольклоруна көӊүл бурган инсандар аз. Ошентсе да өз баалуулугубузду жоготуп албоо үчүн дайыма ушундай концерттерди уюштуруп турабыз”,- дейт Садыкова. Концертте нукура элдик аспаптардын коштоосунда элдик күүлөр аткарылып, кыргыз ырлары жандуу үн менен ырдалды.